• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров куралдуу агрессиядан жабыркаган Баткендеги айылдарды кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун Максат, Борбордук жана Арка айылдарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин башчысы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди жана башка инфраструктураларды калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Ал жабыркаган социалдык объектилерди көрүп чыкты.

«Биз Тажикстан Республикасы менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жабыркаган бардык турак жайлар жана социалдык объектилер калыбына келтирилет. Облустагы жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү, аны мен жетектөөдөмүн. Бардык калыбына келтирүү иштери менин көзөмөлүмдө турат», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Акылбек Жапаров алар тарабынан кредиттер, социалдык жөлөкпулдар, мамлекеттик финансы институттары тарабынан ишкерлерди колдоого алуу, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, эвакуациялоо жолдорун аныктоо боюнча көтөрүлгөн маселелер чечилерин билдирди.

Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлүп, ал эми Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин маянасы андан дагы жогору болоорун белгиледи.

Белгилей кетсек, куралдуу баскынчылык актысынын натыйжасында 640 турак жай (430 үй жашоого жараксыз, 210 үй оңдоону талап кылат), 11 административдик-стратегиялык объекти, 18 социалдык объекти (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт), 336 көмөкчү имараттар, 197 чарба объектиси, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 автомашина жабыркаган. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

Раззаков шаарында министрлер кабинетинин башчысы куралдуу кагылыштан каза болгондорду эскерди.

Пикир

Оставить комментарий