• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Мамлекет МЖӨ боюнча ири долбоорлордун ишке ашуусун өзгөчө башкарууга алат

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү ири долбоорлор аягына чейин так аткарылышы үчүн мамлекет аларды өзгөчө көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Акылбек Жапаров, мамлекетибизде биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам 2009-жылы кабыл алынганын, ал эми азыркы профилдик мыйзам 2021-жылы кабыл алынганын белгиледи.

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү борбору түзүлүп, 2026-жылга чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы жана зарыл болгон мыйзам алдындагы актылар кабыл алынды. Бирок иш жүзүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу тезирээк ишке ашырууну талап кылат. Аймактардагы чакан долбоорлор жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке киргизилиши керек, ал эми стратегиялык долбоорлор өзгөчө тартипте кабыл алынат”, - деди ал.

Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду ишке киргизүү жол-жобосун мындан ары жөнөкөйлөштүрүүгө жана ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга чакырды.

“Эгерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми толук кандуу иштебесе, биз экономиканын динамикалык өнүгүүсүн камсыздай албайбыз. Ошол эле учурда мен өлкөдө иштеп жаткан бардык бизнес-ассоциацияларды жана бирикмелерди Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен тыгыз кызматташууга чакырам”, - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, жыйындын жүрүшүндө Инвестициялык кеңештин 2022-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун чечимдеринин аткарылышы каралып, 2023-жылга иш планы талкууланды.

Мындан тышкары, Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын инфраструктуралык долбоорлоруна инвестицияларды тартуу жана электрондук накладнойлорду колдонуу маселелерин карашты.

Пикир

Оставить комментарий