• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй "Бедел" пунктунун ачылышын негизги приоритет катары жарыялашты - Кашкардагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында, Кашгар шаарында ККПнын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.

Жолугушууда минкаб башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелери боюнча "сааттарды синхрондоштурууга" мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, Кыргызстан менен Кытай ар бир маселе боюнча ар дайым бири бирин колдоого алып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ошондой эле Эркечтам жана Торугарт көзөмөл өткөрүү пунктарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын көрүп жаткан аракеттерине токтолгон Минкаб башчысы Акылбек Жапаров, учурда 7 күн 14 сааттан иштеп жаткан көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишин, Кытай Эл Республикасы менен биргеликте, күнү түнү башкача айтканда 24/7 режимине өткөрүүнү максат кылып жатканын билдирди.

Ошондой эле Минкаб башчысы Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айтып, андан ары Бедел жаңы өткөрмө пункттун ачуу жана «Барскоон-Учтурфан-Аксу» жолунун курулушу боюнча кеп козгоду.

"Биздин мамлекеттердин башчылары Беделди ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, «Бедел» өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз"-деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй Акылбек Жапаровдун жумушчу сапар менен Кашгар шаарына келгенине ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген макулдашууларга маани берээрин жана Минкаб башчысынын сунуштарын колдоорун билдирди.

"Бир алкак бир жол" демилгесин ишке ашырууда Синьцзян аймагы чоң роль ойнойт. Анткени биз Кыргызстан менен чектешебиз. Ошондуктан сиздин сапарыңыз өтө актуалдуу мааниге ээ"-деди Ма Синжуй

Мындан тышкары тараптар жолугушууда Энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо электрондук соода жана бондалык зоналар туурасында маселелерди кенен талкуулашты.

Жолугушуунун сонунда Акылбек Жапаров, Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачуу сунушун киргизип, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен СУАР элдик өкмөтүнүн башчысы Эркин Туниязды иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий