• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: МИКти каржылоодо бюджеттен тышкаркы булактарды тартып жатабыз

Өкмөт 0


Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) каржылоодо бюджеттен тышкаркы булактар тартылууда. Алгачкы жыйынтыктар бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ипотекалык насыялоо үчүн арналган турак жай комплексин курууга мезгил кутусун салып жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, Германия өнүктүрүү банкы 34,9 млн евро берди. Сауд өнүктүрүү фонду менен 100 млн долл келишим түзүлдү.

"Ислам өнүктүрүү банкы менен 79 млн долл бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн аягына чыгып калдык. Ал да келет. Өлкөдөн сырткары эмгектенген мигранттардын турак жай программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн “Үлүштүк курулуш” жаңы механизмин киргизүү боюнча президент 2024-жылдын 30-январындагы жарлыкка кол койду", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий