• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Россия элчилигине барып, көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигине барып, Москва шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде террористтик актын кесепетинен набыт болгон жарандарга байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге, көп сандагы адам курмандыктарына алып келген террордук актка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуу телеграммасын жолдогон.

Пикир

Оставить комментарий