• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Набиуллина менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Москва шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кыргыз элчилигинин көмөгү менен өткөрүлгөн.

Тараптар экономика, финансы жана банк жаатындагы кыргыз-россия кызматташтыгын чыңдоо үчүн байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле Акылбек Жапаров РФнын Федералдык салык кызматынын төрагасынын орун басары Юлия Шепелева менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР менен РФнын өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргызстанга акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен мындан аркы иштин маселелери козголду.

Мындан тышкары, тараптар бул багытта Россия Федерациясынын белгилүү бир ченемдик укуктук базасын үйрөнүү жана контролдоо иштеринде контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен кошо россия тарабы топтогон тажрыйбаны изилдөө зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий