• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров Россиянын ири инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/ Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын ири инвестициялык компанияларынын бири “Система” акционердик финансы корпорациясынын (АФК) өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүү жана ишкерлик жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, “Система” АФКнын инвестициялык портфелине дүйнөлүк даражадагы эксперттер тарабынан жогору бааланган мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк объекттери, чекене соода, электрондук коммерция, жогорку технологиялар сыяктуу бир катар тармактардын лидерлери кирет.

Корпорация 1993-жылы түптөлгөн, 30 жыл аралыгында туризм индустриясы тармагында бир катар уникалдуу долбоорлорду ишке ашырып, дүйнөлүк даражадагы эксперттердин жогорку баасын алган.

Пикир

Оставить комментарий