• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков жүргүнчүлөр учагы кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жүргүнчүлөр учагынын кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Төмөндө телеграмманын текстин келтиребиз:

«Россия Федерациясынын Москва областынын аймагында 2018-жылдын 11-февралында орун алган «Саратов авиалиниялары» авиакомпаниясынын учагынын кыйроосунун натыйжасындагы көптөгөн адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат телеграммада.

Премьер-министр Сапар Исаков курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну жеткирип коюуну өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий