• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров Спорт ордосундагы гумжардамды кабыл алуу пунктуна барды

Өкмөт 0

Бшишкек, 17.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун имаратында жайгашкан гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна барды.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Баткен облусуна 100 тоннага жакын гуманитардык жүк жөнөтүлсө, бүгүн дагы 40 тоннага жакын жүк жөнөтүлмөкчү.

Гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна келип түшкөн бардык тамак-аш, дары-дармек, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кийим-кече жана башка буюмдардын электрондук эсеби Түндүк 1227 тутумунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий