• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Аудиторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер Ккбинетинин жыйынында кабыл алынды, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Бул чечим «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:

1) аудиторлордун реестри;

2) аудитордук уюмдардын реестри;

3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри;

4) ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри.

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин, мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы аркылуу ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий