• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарында “Ансар Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Ош шаарында “Ансар Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган кооперативден алданып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандардын саны 59 адамга жетти.

"Жарандарга келтирилген чыгым 63,8 млн сомду түзгөн. Кооператив алардын көпчүлүгүнө турак-жай сунуш кылышып, ар кандай суммадагы акчалай төлөмдөрдү алышып, бирок үйлөр берилген эмес. Жабырлануучуларлын арасында 5 млн сомдон ашыкча бергендердагы бар", - деп айтылат маалыматта.

Учурда “Ансар Групп” коммерциялык эмес керектөөчү кооперативине жана андагы тиешелүү жооптуу адамдарга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында 9-октябрда “Ансар Групп” кооперативинин республика боюнча жетекчиси 1994-жылы туулган Ш.Э. жана кооперативдин Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси 1995-жылы туулган С. уулу А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аталган кооперативден жабыр тарткан жарандарды 03222-4-82-82 жана 0779-76-70-87 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий