• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Документтер өтө жашыруун!” Ташиев жыйындын камерага тартылбашынын себебин түшүндүрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо боюнча келишим долбоору талкууланууда.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйынга камера жана жаздыруучу каражаттардын алып кирүүгө тыюу салынышынын себебин түшүндүндү.

“Жыйынды жабык же ачык өткөрүү боюнча суроолор жаралууда. Айрым депутаттар ратификация боюнча мындай документтер керек деп окуп жатасыңар. Бул туура, мыйзамдын талабы. Бирок бүгүн сөз ратификация тууралуу болгон жок. Биз келишимдин долбоорун (ред.: кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча) талкуулап, макулдашууга гана алып келип жатабыз. Буйруса, эки президент (Кыргызстан менен Өзбекстандын) кол койсо, андан кийин сиздердин алдыңыздарга ратификацияга алып келебиз. Ошондо гана документтердин топтому алынып келет. Азыр Жогорку Кеңештин тармактык комитетине, сиздерге маалымат берип коелу деп жатабыз”, - дейт ал.

Ташиев көптөгөн документтер, карталар өтө жашыруун экенин баса белгиледи.

“Алардын баарын кол койгонго чейин ачыктаганга биздин укугубуз жок. Туура, президент баарын ачык көрсөткүлө деген. Бүгүн эртең менен Садыр Жапаров менен колубуздагы документтер өтө жашыруун болгондуктан аны камерага тарттырбастан комитеттин мүчөлөрүнө, коомчулукка, журналисттерге түшүндүрүп берүү боюнча макулдашканбыз. Ал эми бизди тартып жаткан камеранын уруксаты бар, ал УКМКнын жалгыз камерасы. Мунун баары документтештирилет жана эч жакка чыгарылбайт”, - деди ал.

Нет описания.

УКМКнын төрагасы жыйындагы маалыматтар чет мамлекеттерге жайылып кетпесин деген негиздге тарттырылбай жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий