• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда бир жуманын ичинде 5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда бир жуманын ичинде 5 миң ашык жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16нан 22-июлга чейин Чүй облусунун аймагында 5 миң 177 жол эрежесин бузуу катталган.

Алардын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаруу –36;

-Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 18;

-Жол инспекторлоруна баш ийбеген – 18 айдоочу;

-Документтери жок унаа башкаруу –35;

-Коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу – 1 миң 221;

-Жогорку ылдамдыкта айдоо– 1 миң 659.

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 96 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий