• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сапар Исаков камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан мурунку премьер-министр С.Исаковго карата баш коргоо чарасы тергөө аягына чейин КР УКМКнын тергөө камак жайына кармоо болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

"2018-жылдын 29-майында "Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу" коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган",-деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий