• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаты Зиядин Жамалдиновдун үйүнөн эки курал уурдалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. ЖКнын “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ош облусундагы үйүнөн эки куралды уурдап кетишкен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облусунун ИИБнин жетекчиси Мурат Боронов билдирди.

Анын айтымына караганда, куралдар уурдалгандыгы тууралуу маалымат депутаттын агасынан түшкөн. “Уурдоо учурунда үйдө эч ким болгон эмес. Кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу киришкен. Кожоюнунун куралдар боюнча бардык уруксат кагаздары бар”,-деп билдирди ал.

Тоноо 4-январда катталган.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий