• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер Кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий