• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Тажикстан менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын губернаторлору менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.07.23. /абар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен, Согди жана Фергана облустарынын губернаторлорунун кезектеги аймактык жолугушуусунун алкагында Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Төрагасы Раджабба Ахмадзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Хокими Хайрулло Бозаров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын президентинин атынан саламын айтып, мындай регионалдык жолугушууларды өткөрүү практикасынын жанданышы биздин чек арага жакын облустарыбыздын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө умтулгандыгын айгинелейт деп белгиледи.

Кыргыз тарап кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендиги билдирилди.

Кыргызстан чектеш болгон боордош мамлекеттер - Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен достук, ынак коңшулук жана өз ара түшүнүшүү духунда кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээри белгиленди.

"Аймактар аралык тыгыз кызматташтык, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда облустар ортосундагы активдүү байланыштарды колдоо чек ара аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Бул контекстте биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкелерин өз ара ишеним духунда делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тез арада аяктоо маанилүү болуп саналат. Биздин өлкөлөр ортосундагы чек ара маселелерин биротоло чечүү боордоштук мамилелерди мындан ары чыңдоого, Борбор Азия регионунда туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө салым кошоруна терең ишенем", - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык кыргыз, тажик жана өзбек элдеринин салттуу жана көп кылымдык достугунун негизинде мындан ары да ырааттуу жана жемиштүү өнүгө берет, деп үмүт кыларын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий