• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эстониянын Премьер-министри Абылгазиевди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Эстония Республикасынын Премьер-министри Юри Ратас Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады,-деп билдирет өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Эстония жана Кыргызстан салтка айланган достук мамилесине ээ.

Кыргызстан жалпы аймакка үлгү боло ала турган Борбор Азиядагы демократиялык мамлекеттердин бири катары каралат. Кыргызстан Эстония үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөш болуп саналат. Биз электрондук Өкмөттү ишке ашырууда бул багыттагы Эстониянын ийгиликтүү тажрыйбасын пайдалануу ыкмасы аркылуу колдоо көрсөтүү ниетибизди билдиребиз. Түндүк долбоорун ишке ашыруудагы ийгиликтерди кубануу менен белгилеп кетебиз жана келечекте аталган долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз.

Эстония да Европа бирмдигинин Кыргызстан менен мамилелерине көмөктөшүүгө умтулат. Биз ЕБ-Кыргызстан Келишими боюнча ыкчам сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, ошондой эле Европа биримдигинин демократиялык жана экономикалык реформалар процессине өбөлгө болуучу жаңы стратегиясын даярдоого күч-аракетибизди жумшайбыз.

Сизге жоопкерчиликтүү кызматта дагы бир ирет ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксаат этиңиз. Жакынкы аралыкта биздин өлкөлөр ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын өткөрүлүшүн чыдамсыздык менен күтөм. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан ары карай дагы биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгына жана эл аралык түшүнүшүүгө багытталып, кызматташтык иретинде өнүгөөрүнө ишеним билдирем.

Пикир

Оставить комментарий