• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду кирип келе жаткан 2022-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми бир тууган өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий