• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана Алексей Оверчук эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолукту.

Жолугушууда тараптар “Кыргызстан менен Россиянын өнөр жай кооперациясынын жаңы горизонттору” Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясынын ийгиликтүү өткөнүн канааттануу менен белгилешти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия президентинин Кыргызстанга расмий сапарынын алдында эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелерин, анын ичинде энергетика, транспорт, билим берүү жана илим тармактарын талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстанда 9 биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмунун курулушу - эки өлкөнүн достугунун келечектүү долбоору экенин, ал толук жана ийгиликтүү ишке ашырыла турганын, Кыргыз Республикасынын мектептериндеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин саламын жолдоду.

Ал бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий