• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаровдун Сочи шаарына болгон иш сапары аяктады – фоторепортаж

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйындарына катышты.

Мындан тышкары, III Евразия конгрессинин пленардык жыйынында минкаб төрагасы сөз сүйлөдү.

"Биздин кызматташтыгыбыздын жана технологиялык көз карандысыздыкка жетишүүнүн айкын мисалы боло турган бат ишке ашуучу долбоорлор керек", - деди Жапаров.

Андан ары ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен биргеликте ЕАЭБ жана КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына арналган "Евразия – биздин үй” эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда тараптар мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын убактыларын белгилешти.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Круз менен жолукту, мындан тышкары "Росатом" атомдук энергетика боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жумуш сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ Өкмөт башөчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен бирге РФ президенти Владимир Путин менен жолукту.

Пикир

Оставить комментарий