• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылга бай жарандар жаркын келечектин кепилдиги. Төрага Билим күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу агартуучулар, студенттер жана окуучулар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-сентябрь – Билим күнү, быйылкы жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

"Билимдүүгө дүйнө жарык” - дегендей, билим гана адамга жол чырак болуп, келечегине пайдубал болуп берет. Билим адамды эркин жана бийик кылат. Талыкпаган окуу аркылуу изделген илим “Ийне менен кудук казгандай” татаал болгону менен мөмөсү таттуу, түшүмү мол. Андыктан билим берүү тармагы мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты катары, өзгөчө көңүл бурулууда. Акыркы жылдары окуу имараттары курулуп, жаңы бала бакча жана мектептер ишке киргизилүүдө. Айрыкча, коомубуздагы асыл кесип ээлери катары агартуучуларга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө.

Кымбаттуу мугалимдер, билим жолуна аттанган жеткинчектер жана студенттер!

Ар тараптуу, акылга бай жарандар жаркын келечегибиздин кепилдиги. Анткени, руханий көрөӊгөсү бай, кептин кенин казып, ааламда жок Манас дастанын жараткан кыргыз элинин эртеӊкиси билимдүү жаштардын колунда. Ошондуктан, билимге умтулган сапардагы ар бир жеңишиңиздер, өнүккөн өлкө куруудагы алгачкы кадамыңыздар экенин эстен чыгарбаңыздар. Дагы бир жолу баарыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ар бириӊиздерге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат каалайм!".

Пикир

Оставить комментарий