• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Акыркы көч" тасмасы Дакка кинофестивалында "Эң мыкты тасма" аталды

Маданият 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бангладеште өткөрүлгөн 19-Эл аралык Дакка кинофестивалында Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Акыркы көч" тасмасы "Эң мыкты тасма" аталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Дакка кинофестивалы быйыл 16-24-январь күндөрү арасында онлайн өттү.

"Фестивалга 73 мамлекеттен 226 тасма көрсөтүлдү", - деп билдирет тасманын оператору жана режиссеру Дастан Жапар уулу.

Тасманын сценарийинин автору жана режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, ал эми продюссер катары Элнура Осмоналиева катышкан.

Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыктуу белгилүү актерлер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий