• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы маалыматтар: 931 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус дагы 931 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 435, Ош шаарында – 147, Чүй облусунда – 129, Ош облусунда – 93, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 50, Баткен облусунда – 41 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 522 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 232, Ош шаарында – 119, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 19 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 436 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 173 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 6, үй карантининен 9 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 156 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 776 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 116 миң 546 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 932 киши айыгып чыкса, 1 миң 945 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий