• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза тапты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 2 адам каза болду.

Белгилей кетсек, 14-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 330 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 50 миң 201ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 884 киши айыгып чыкты, 1 миң 94 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий