• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 515 адам жуктуруп, 5 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 515 адам жуктуруп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек - 107, Ош - 43, Чүй облусу – 60, Ош облусу - 52, Талас облусу - 20, Нарын облусу - 1, Ысык-Көл облусу – 45, Жалал-Абад облусу – 133, Баткен облусу - 54 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө 546 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкек – 117, Ош шаары – 24, Чүй облусу – 71, Ош облусу – 86, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 20, Жалал-Абад облусу – 113, Баткен облусу – 96 киши айыкты.

Өлкөдө жалпы 62 миң 819 адам коронавируска кабылса, 53 миң 952 киши айыкты.

COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду. Талас облусунда – 1, Бишкекте – 3, Ош облусунда – 1 киши көз жумду. Жалпы 1 миң 177 жаран каза тапты.

Стационарда 3 409 бейтап, амбулатордук түрдө 3 634 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 647 учур катталды, алардын ичинен 3 422 медкызматкер сакайды.

Пикир

Оставить комментарий