• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: ИИОнун кызматкерлерин коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгы №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен биргеликте ички иштер органдарынын кызматкерлерин коронавирус илдетине каршы эмдей башташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин борбордук аппаратынын, Нарын жана Ош облустарынын ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлерине ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери жана медайымдары эмдөө жүргүзүүдө.

"Вакцина №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан камсыздалып, ал эми аймактарда медициналык кызматкерлер мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунан кошумча жардамга келишүүдө. COVID-19га каршы вакцина натыйжалуу тестирлөө жана учурдагы алдын алуу иш-чаралары менен айкалыштырып, пандемияны көзөмөлгө алууга жардам берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий