• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 5 медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 5 медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 4, Ысык-Көл облусунда бир медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада ооруканалардан 5 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 172 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 699 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 14-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 928ди түзөт. Алардын ичинен 41 миң 23 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий