• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Балбан Акжол Махмудов Олимпиада чемпиону Валентина Олейниканын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 14-16-февралда Россиянын Новокузнецк шаарында өткөрүлөт.

Махмудовдон башка Кыргызстандын атынан таймашка 9 балбан катышат: Балбай Дордоков, Калы Сулайманов, Рустам Тейишов, Халмурат Ибрагимов, Эрбол Бакиров, Кайрат Түгөлбаев, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков жана Мурат Рамонов.

Пикир

Оставить комментарий