• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука милициясы аткезчилик фактысынын бетин ачты

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Ала-Бука милициясы аткезчилик фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ала-Бука РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Ак-Там айылынан Өзбекстанга аткезчилик жол менен 4 баш бодо малды өткөрүп жаткан мезгилде Аксы районунун тургундары “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаа менен кармалышкан.

Аталган факты боюнча топтолгон материал 2022-жылдын 4-апрель күнү Ала-Бука РИИБдин МЭЖне “Аткезчилик” (контрабанда) болуп катталган.

Алдын ала териштирүү маалында Аксы районунун тургундары, бир тууган ага-инилер 4 баш өздөрүнүн бодо малын Өзбекстандын жаранына сатуу үчүн үйүнөн айдап чыгышкандыгы белгилүү болгон. Алар малды Аксы районунун Кара-Дөбө айылындагы чек арадан өткөрүүнү көздөшкөн. Бирок ал жерде чек араны караган Кыргызстандын жоокерлери тургандыктан өткөрө албай коюшкан. Андан соң букаларды “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөшүп, Ала-Бука районунун Ак-Там айылындагы чек арадан өткөрүү үчүн алып барышкандыгы белгилүү болгон.

Учурда бул факты боюнча тийиштүү адамдар суралып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак Ала-Бука милициясы буга чейин да бир катар аткезчилик фактыларынан бетин ачкан.

Пикир

Оставить комментарий