• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир аптада 10 миң 972 жол эрежесин бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада республикада 10 миң 972 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:

-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 1 миң 202;

-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 194;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 3 миң 383;

- ТК каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 82;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 6;

- мамлекеттик номери жок – 13;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 24;

- Автоээнбаштык – 8;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 136;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 52;

- Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 1;

-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 5 миң 145;

-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 19;

-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 221;

747 унаа айып аянтчасына токтотулду.

“Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталарын унутпашыбыз керек”, - деп айтылат ЖКККББнынбилдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий