• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында жоголгон унаа Токтогулдан табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Ош шаарында токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-октябрында Ош ШИИБнен Жалал-Абад ОИИБне багыттама жиберилип, анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанында кулпуланып токтоп турган, кызыл түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны, 23-октябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер ичин ачып, айдап кетип калгандыгы белгиленген.

Ошол эле күнү болжол менен саат 11:20 чамасында Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн инспектору Токтогул районунун аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү “Хонда-Фит” автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу токтобой айыл аралап айдаган. Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда анын айдоочусу, Ош облусунун 26 жаштагы Х.Р. аттуу тургуну автоунаадан түшүп жөө качып жөнөгөн. Эскертүү иретинде асманга ок атылган учурда да ал токтогон эмес. Инспекторлор артынан кууп жетип Х.Р. кармалган.

Окуя болгон жерден эч ким денесинен жараат алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий