• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, өткөн жылы август айында А.С. 6 млн 351 миң 86 сомдук жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 3 бөлмөлүү батир алып, үчүнчү жактарга сатып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен С.К. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Ал өз арызында шектүү батирди бөлүп төлөө шарты менен алганын белгилеген.

Аталган факты боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Ушул жылы 13-февралда иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган С.К. кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

"Көңүл бургула! Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот: 0 (777) 77-44-33, же күнү-түнү иштеген "102" кыска номерине кайрылууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий