• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештердин катчыларынын афган маселелери боюнча VI регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Афганистан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Афганистандагы татаал кырдаалды талкуулоонун актуалдуулугун баса белгилеп, аталган өлкө туш болуп жаткан чакырыктардын жана коркунучтардын кеңири спектрин белгиледи. Садыр Жапаров Афганистандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады.

Биргелешкен аракеттер туурасында айтып жатып, Садыр Жапаров региондогу өлкөлөр тарабынан өз убагында, макулдашылган жана комплекстүү кадамдар афган багытында куралдуу тирешүүнүн очокторунун пайда болуу ыктымалын кыйла азайтууга мүмкүндүк бергендигин канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы эки тараптуу деңгээлде жана ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕАЭБ, ТМУ сыяктуу эл аралык уюмдардын форматтарында активдүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу Афганистан маселелери боюнча кызматташуунун ишке жарамдуу модели калыптанганын айтып өттү.

Афган экономикасына токтолуп, президент Садыр Жапаров Афганистандын улуттук банкынын тоңдурулган активдери афган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикирин билдирди.

Президент Кыргыз Республикасы Афганистанга гуманитардык жардам, анын ичинде Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жана географиялык жактан обочолонгон, Улуу жана Кичи Памирдин бийик тоолуу аймактарында жашагандарга азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирүүнү улантып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле гуманитардык жана экономикалык кризисти жеңүүгө жардам берүү максатында Афганистан менен экономикалык жана маданий диалогду өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Мамлекет башчысы аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерди мындан ары координациялоо зарылдыгын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров ошондой эле өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын биргелешкен жана координацияланган аракеттери аркылуу гана эл аралык коопсуздукту курууда маанилүү натыйжаларга жетишүүгө болот деген ишенимин билдирди.

Иш-чара региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында конструктивдүү диалогду улантууга жана актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө чакыруу менен аяктады.

Катышуучулар президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, афган маселесин жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын кошкон зор салымын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий