• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Баткендеги окуяларда Кыргызстан эли мекенчилдигин, ынтымактуулугун көрсөттү

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. "Пандемия шартында жана Баткен облусундагы окуяларда Кыргызстан эли мекенчилдигин, ынтымактуу эл экендигин көрсөттү", - деп билдирди маалымат жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүүгө баардыгы салымдарын кошуп жатат.

“Баткендеги окуялардын кесепеттерин жоюу, инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 1,3 млрд сом бөлүндү. Мамлекет тарабынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга жалпысынан дээрлик 36 млн сомго материалдык жардам көрсөтүлдү. Республикалык бюджеттин эсебинен Баткен жана Лейлек райондорунда 2 билим берүү жана 1 саламаттык сактоо мекемесин тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгардык. Учурда 3 мектеп, 3 бала бакча, 7 автомобиль жолун куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Ата мекендик компаниялардын жардамы менен курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 заманбап үй курулду”, - деп белгиледи ал.

Жапаров кошумчалагандай, түркиялык инвесторлор жана биздин кыргыздын балдарынын колдоосу менен Лейлек районунда 100 үйдүн курулушу аяктады жана Баткен районунда 40 үй курулуп бүттү. Баары үйлөрүнө кирди.

Мындан тышкары, ал “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте Лейлек жана Баткен райондорунда жалпысынан 4 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу, жеңил жабыркаган 5 үйдү оңдоо-түзөө иштери аяктагандыгын белгиледи.

“Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Керме-Тоо участогуна таза суу тартуу иштери толук аягына чыгарылды”, - деди өлкө башчысы.

“Мындан тышкары, Баткен шаарына, Баткен районунун Дара, Ак-Татыр айылдарына саламатык сактоо мекемелерин куруу боюнча аталган коомдук фонд менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Мургаб коому Сокулук району” уюму менен биргеликте Лейлек районунун Максат айылына коомдук алдын алуу борбору курулду. Чет өлкөдөгү мекендештерибиз, Өзбекстан жана бир катар демөөрчүлөр менен биргеликте саламаттык сактоо, билим берүү тармактары боюнча долбоорлор ишке ашырылууда”,- дейт ал.

Кыргызстандын президенти баса белгилегендей, жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 15,2 млн сом бюджеттик кредит берилди жана жабыркаган ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн бир жолку компенсация төлөөгө 14,5 млн сом бөлүндү.

“Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, аны өнүктүрүүнүн программасы бекитилди. Ошондой эле Баткен облусунда “Баткенди өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүү” деген аталышта инвестициялык форум өттү. Анын алкагында облусту өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча бир топ меморандумга кол коюлду”, - деп жыйынтыктады сөзүн Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий