• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң-Алай районунда Афганистандагы этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздар үчүн шаарча курулат. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаарча 350 үй-бүлөгө ылайыкталат.

«Өз кезегинде курулуш иштери 2022-жылдын апрель-май айларында башталат» - деди ал.

Мамлекет башчысы азыркы учурда бардык этникалык кыргыздарды бир учурда көчүрүп келүүгө жана аларды камсыздоого чоң каражат жок экенин белгиледи. Бирок "Кыргыз Республикасына этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" КР мыйзамынын алкагында мамлекет зарыл болгон нерселердин бардыгын камсыз кылат.

Мындан тышкары, президент башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий