• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лебединовкада мас абалындагы жаран милиционерлерге кол көтөргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Лебединовка айылында мас абалындагы жаран жол эрежесин бузуп, милиционерлерге кол көтөрүп жана алардын кызматтык формаларын айрып салган.

Чүй облустук милициясынан билдришкендей, бүгүн, 13-декабрда саат 01:30 чамасында Лебединовка айылында жол эрежесин бузган айдоочунун унаасы токтотулган.

“Айдоочу унаасын токтотпой качып, ЖКККнын кызматкерлери артынан кубалап, токтоткон учурда айдоочу милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, кол көтөрүү менен коштолгон каршылык көрсөтүп, кийип жүргөн кызматтык формаларын айрып салган”, - деп билдиришти милициядан.

Белгиленгендей, айдоочу мас абалда экендиги аныкталды.

Аталган факт Аламүдүн РИИБне катталып, “Бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу 38 жаштагы П.П. аттуу жаран экени такталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий