• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткенге жардам. Насыя алуучулардын 20 млн сомдон ашуун насыясы жоюлду

Экономика 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-декабрына карата финансы-кредит уюмдарына 476 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 24 млн 716 миң сом суммасында 333 кредит жоюлган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 53 миң 491 сом суммасында 202 кредит реструктуризацияланган.

Азыркы тапта ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды карап жатат, алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий