• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биздин болжолубуз менен эки шайлоо мартка чейин өтөт - Жапаров

Өкмөт 0

Бишкек, 23.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Биздин болжолубуз менен парламенттик жана президенттик шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өтөт. Бул тууралуу өкмөткө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө абал туруктуу.

"Дестабилдештирүүгө жол бербейбиз. Андай күчтөр бар, бирок аларга жол берилбестигине ишенем. Конституциялык реформага барабыз. Мыйзам талаасынан чыкпайбыз. Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген соң, биздин болжолубуз менен парламенттик жана президенттик шайлоо мартка чейин өтөт. Марттан баштап жаңы система менен иштейбиз", - дейт өкмөт башчы.

Премьер-министр элдин кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлор болсо, анда ишкерлерге өкмөткө тиешелүү жерлерди бекер берип, салыктан бошотууга даяр экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган отурумунда Садыр Жапаров ишкерлерди колдоо жана коргоо үчүн мамлекеттик органдардын жетекчиликтерине бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий