• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиков ишкерлерди тейлөө борборун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков ишкерлерди тейлөө борборун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Артем Новиков белгилегендей, ишкерлерди тейлөө борборун түзүү боюнча иштер 2020-жылдын ноябрь айында башталган.

«Өлкөнүн Премьер-министри тарабынан аталган борборду түзүүнү тездетүү маселеси коюлган, бирок бүгүнкү күнгө чейин ишкерлерди тейлөө борбору ишке киргизиле элек. Аракеттерибизди активдештирүү зарыл. Биз салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртып, ишкерлердин мамлекеттик аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз-ара аракеттешүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүүбүз керек. Бизнес үчүн бардык уруксаат берүүлөр «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бир жерден берилиши керек. Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде жана «Эльдорадо» имаратында ишкерлерди тейлөө борборун түзүү боюнча тийиштүү эсептөөлөр жана эскиздик долбоорлор даярдалган. Ыкчам тартипте оңдоо иштерин баштап, ишкерлерди тейлөө борборун ишке киргизүү керек. Биз 2020-жылдын соңунда салык кызматын сервистик иштөө моделине өткөрүү ишин баштайбыз деп убада бергенбиз. Мамлекеттик салык кызматынын жана ишкерлердин өз-ара аракеттешүү механизмин жөнөкөйлөштүрбөй туруп, бизнеске жүктөмдү төмөндөтүү тууралуу сөз кыла албайбыз. Ишкерлерди тейлөө борбору аталган милдетти ишке ашырууда биринчи кадам болушу керек», - деди ал.

Мындан тышкары, Артем Новиков үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата «Кыргыз Республикасындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун» ишинин концепциясын, ошондой эле Ишкерлерди тейлөө борборуна иштөөгө которула турган мамлекеттик органдардын тизимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бекитүүсүнө киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий