• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөдө жаңы өнөр жай ишканалары, анын катарында лифт өндүрүүчү ишканалар пайда болуп жатканын угуп, кубангандыгын билдирди.

«Кечээ автобус өндүрүү боюнча «Белес» заводу ачылды, бүгүн биз республикадагы лифт өндүрүү боюнча ишкананын ачылышында турабыз. Бул жакшы жаңылык, анткени ар кандай өндүрүштүн ачылышы мультипликативдик натыйжа берет. Мунун өзү – жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек»,- деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлдү.

«Биз “мамлекет начар башкаруучу” деген калыптанып калган түшүнүктөн четтеп жатабыз. 1 миллиард сом уставдык капиталы менен «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлүп, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да жогорулатылды. Бул аракеттердин баары ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүүгө жардам берет. Эгерде даяр бизнес-план болсо, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Өз кезегинде компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева компаниянын алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу пландары бар экенин белгилеп, ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөөрүн жана Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи.

Андан соң ишкана салтанаттуу ишке киргизилип, өндүрүштүк имараттарды кыдыруу болду.

Пикир

Оставить комментарий