• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алай районунда карышкыр жергиликтүү тургунга кол салган

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. 2017-жылдын 15-мартында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын “Эгизек” чек ара кызматынын бөлүмүнүн аскер кызматкерлери карышкыр кол салган Алай районунун Терек айылынын тургунуна жардам беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Айыл тургунунун айтымында, таң эрте карышкырдын уулуганын угуп, мал короого киргенинде, күтүүсүздөн ага карышкыр кол салган.

Бир нече жарат алып, жырткычтан бошонгон тургун дароо “Эгизек” чек ара кызматынын бөлүмүнө жардам сурап жөнөйт.

Жабырлануучуга фельдшер алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң чек арачылар аны Нура айылындагы ооруканага жеткиришкен. Учурда жаракат алган адамдын саламаттыгы канааттандырарлык.

Ушул эле күнү чек ара кызматкерлери “Эгизек” чек ара кызматы бөлүмүнүн имаратынан 60 м аралыкта карышкырды табышкан. Жырткычтын жергиликтүү жашоочуларга кайрадан кол салуусун алдын алуу үчүн чек арачылар карышкырды жок кылышты. Бул окуя тууралуу тиешелүү органдар, Алай районунун ветерианрдык жана фитосанитардык кызматтарынын кызматкерлери маалымдалды.

Алай районунун Терек айылынын тургуну чек арачыларга көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий