• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алайда заманбап жаңы мектеп колдонууга берилди

Аймак 0

Ош, 15.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айылында 14-декабрда 225 орунга ылайыкташтырылган заманбап жаңы мектептин ачылышы болду.

Иш-чарага ЖК депутаты Жанар Акаев, өкмөттүн өкүлү Таалайбек Сарыбашов, аким, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, мектеп жамааты жана жергиликтүү тургандар катышты.

Жаңы мектепте бардык шарттар түзүлгөн. Мектептин эски имаратын бала бакчага ылайыкташтырып жасап чыгышты.

“Жарым кылым мурда салынган мектептин эски имараты колдонуудан чыгып калган. 2008-жылы ага кошумча 195 орундук кошумча корпус кошулган. Э.Мурзаева мектебинин окуучулары эми жаңы имаратта билим алышат. Окуучулардын саны 551ди түзөт”,-деп билдирди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү.

2017-жылы Ош облусундагы социалдык объекттердин курулушу үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд 485 млн 750 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий