• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык , 2021-жылдын 15-март күнү Аламүдүн РИИБине 44 жаштагы С.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип, 2020-жылдын январь айында үстөк пайыз менен акча сурап, күрөөгө автоунаа таштап, 3000 АКШ долларын алып, ошол боюнча белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында буга чейин бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттолгон 38 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалган.

Текшерүү учурунда ал КР ИИМдиин ыкчам каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Кармалган жаран тергөө кызматына өткрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий