• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милиция тарабынан профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция тарабынан профилактикалык жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБи тарабынан Масы айыл аймагында укук бузууларды болтурбоо багытында бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Анын алкагында жергиликтүү тургундардын паспорттук эрежелери текшерилип, жашагандыгы боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери Абдураимов айылындагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилип, татыктуу билим алуу зарылдыгы жеткирилди.

Ала-Бука РИИБи тарабынан район аймагында кароосуз калгандарды аныктоо боюнча ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары жашы жете элек өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу багытындагы жумуштар Чаткал РИИБи тарабынан да социалдык адистер менен биргеликте жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышып, аларга туура багыт көрсөтүштү

Ал эми Аксы районунда Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит» конкурсу өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө РИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий