• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 75 адамдан COVID-19 табылып, 51и айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 75 адамдан табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 56, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 51 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бишкекте – 27, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 5 жана Жалал-Абад облусунда – 1 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 221 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 537 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 274 киши айыгып чыкса, 1 миң 490 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий