• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Нарын облусунда коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Нарын облусунда 67 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал ооруканага кайрылбай үйүндө болуп, оорунун белгилери чыкканда тийиштүү кызматтарга телефон аркылуу кайрылып, ден соолугу жакшы болбой жатканын айткан. Ага көчмө бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнь күнү Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Анын абалы оорлошуп, реанимациялык иш-чараларга карабай кечээ, 7-июнь күнү каза болду. Бейтаптын кан басымы жогору жана аз кандуулук оорусу (анемия) бар болгон. Коронавирус жукканда организм ооруну көтөрө албай калган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2032ни түзөт. Алардын ичинен 1445 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 23 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий