• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 52 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 4-январга карата коронавирус дагы 52 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 34, Ош шаарында – 10, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 50 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 879 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 997 киши айыгып чыкса, 2 миң 807 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий