• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасында 15 жашка чейинки 38 бала бар

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясына чалдыккандардын 201и –аял, ал эми 176сы – эркек кишилер. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен:

- 15 жашка чейинки балдар - 38 учур,

- 16дан 19 жашка чейинкилер – 12 учур,

- 20дан 35 жашка чейинкилер – 90 учур,

- 36дан – 55 жашка чейинкилер – 141 учур,

- 56 жаштан жогору – 96 учур.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий