• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-апрелинде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмчөсүнө 1973-жылы туулган Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Ак-Жар конушундагы көчөлөрдүн биринде кимдир бирөөлөр күч колдонуп, отвертка менен коркутууга алып, жанындагы 6 миң сом өлчөмүндөгү акчасын жана айдоочулук күбөлүгүн тартып алганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Д.А. жана 1984-жылы туулган О.Ж. бул кылмышты жасаган деген шек менен кармалышкан.

Учурда кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий